Ноокатта 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу жалпы имамдар кайрымдуулук иштерин уюштурууну баштаганын билдирди. Алгачкылардан болуп, «Жоме» мечити жана «Молдо Якуб» мечитинин имамдарынын демилгеси менен 300 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды.

Жардам баштыкчасында тамак жасоо үчүн керектелүүчү азыктардын баары камтылып, бир баштыкча 5500 сомду түздү. Жалпы суммасы 1 650 000 сом болуп, «Хадия Ноокат» фонду тарабынан элден чогултулган. «Молдо Якуб» мечитинин имамы Тажимамат Артикмаматов каражатты чогултуу жана азык-түлүк сатып алуу иштеринин башында туруп, чоң салым кошконун хатибияттан маалымдашты.

Ноокат райондук хатибияты жалпы имамдарга кайрымдуулук иштерин уюштуруу боюнча тапшырма берилгендигин айтып, мындай сооптуу иштер тез-тез өткөрүлүп турарын билдиришти.