Кеминде «Кайрымдуу бол» аттуу иш-чара уюштурулуп, 50 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

(иллюстрациялык сүрөт)

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбековдун Рамазанда кайрымдуулукту көп кылуу боюнча берген тапшырмасынын негизинде Кемин районунда 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.

Демилгени Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дуйшебаев жана Белек ажы Керимов, Нурали Абдылдаев колго алып, «Аттаун» фонду менен биргеликте ишке ашырылды.

«Рамазан берекенин, берешендүүлүктүн, жакшылыктын айы. Бул айда мүмкүнчүлүк болуп турса, өзүбүзгө эле эмес өзгөгө да көңүл буруу зарыл. Анткени Аллахтын Элчиси (с.а.в.) адамдардын ичинен эң берешени болгон жана Рамазан айында өзгөчө берешендикти көрсөтчү. Мына ошондуктан жакшылык иштерде жарышып калалы», — деп билдирди баш имам-хатиб Куттубек ажы Дуйшебаев.