Кара-Шаар айылында мечиттин килеми алмаштырылып, камералар орнотулду

(иллюстрациялык сүрөт)

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кара-Шаар айылынын тургуну Эрмек Үсөнакуновдун колдоосу менен айылдагы мечиттин килеми жаңыланды.

Айыл имамынын билдиргенине караганда, мурунку килеми эскирип калган болчу. Дин кызматкери жогорку демилгени колдогон демөөрчүгө, үй-бүлөсүнө ден соолук, ыйман, тынчтык, ырыскысына береке тилеп батасын берди.

Аталган айылдын мечити жолдун жээгинде жайгашкандыктан, видео көзөмөл орнотуу да зарыл болуп келген. Айылдын имамы Эркин Асанов үй-бүлөсү менен мечиттин ичи-сыртына видео көзөмөл кылуучу 8 камера орнотту.