Кара-Сууда кайрымдуулук иш-чаралары удаама-удаа өткөрүлүүдө

(иллюстрациялык сүрөт)

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы жалпы мечиттерде кайрымдуулук иштерин уюштуруу башталып, күн сайын ар кайсыл мечиттерде өткөрүлүүдө.

Бул жолкусунда Нариман айыл өкмөтүндөгү «Абдуллах бин Умар» мечитинин имам-хатиби Олимжон Мамадаепов демилгеси менен 30 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды. Жардам баштыкчасында 50 кг ун, 5 литр май, 2,5 кг күрүч, кой эти, тоок эти, курма, 30 кг картошка, 30 кг сабиз, 10 кг пияз камтылган. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 196800 сомду түздү.

Ошол эле учурда Шарк айыл өкмөтүндөгү «Имам-Ата» мечитинин имам-хатиби Юсуфхан Ахматалиевдин демилгеси менен 10 үй-бүлөгө жардам баштыкчасы таратылды. Андагы жардам баштыкчасында 10 кг ун, 10 кг макарон, 5 литр май, 1 коробка печенье, 15 даана жумуртка, 5 кг пияз, 5 кг сабиз, 5 кг картошка, күрүч, гречка, туз, кум шекер ж.б. керектелүүчү азыктар камтылган. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 36000 сомду түздү.

«Рамазан айына карата райондогу жалпы имамдарыбыз кайрымдуулук жаатында алгылыктуу аракеттерди жасоодо. Колунда бар инсандарды мал-мүлкүн той-аштарда ысырап кылбастан, кайрымдуулук иштерине колдоо көрсөтүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», — деди баш имам-хатиб райондук Абдирашит ажы Батыров.