Баткенде «Ибадат эне» атындагы аялдардын диний окуу борбору ачылды

Баткен облусунун Баткен шаарында “Ибадат эне» атындагы аялдардын диний окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, дин кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Ачылыш аземде облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров окуу борбор улуу максатта курулганын жана келечек муундардын тарбиялоочусу болгон улуу аялзатынын атына татыктуу болушу керектигин айтып, окуу борбор бийик маданиятты жана адамдык асыл сапаттарды үйрөткөн чоң мектепке айлансын деген тилектештигин билдирди.

«Ибадат эне» атын алган бул окуу борбор башка окутуу борборлорунан өзгөчөлөнүп турат. Анткени бул жерде жаштарыбыздын тарбиялоочусу болгон энелер таалим алып, өз балдарына татыктуу тарбия берүү менен бүтүндөй коомубузду тарбиялайт. Андыктан бул борбор райондогу аялдардын диний сабаттуулугун көтөрүп, исламдын баалуулуктары боюнча таалимдерди берип, коомубуздун өнүгүүсүнө салым кошот деген ишеничтемин”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров.

Эскерте кетсек, “Ибадат эне” диний окуу борбору бир убакта 50 дөн ашуун айым сабак алууга ылайыкташтырылган. Окуу курсу 2 айдан 2 жылга чейинки мөөнөт менен жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктагандарга атайын сертификаттар берилет.