Ош шаары: ДОЖдордогу кыз-келиндер арасында өткөн китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 13-март күнү Ош шаарында пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалы боюнча өткөрүлгөн китеп окуу конкурсунун 1-бөлүгүнүн жыйынтыгы чыгып, Ош шаарындагы аялдардын диний окуу жайларынан катышкан кыз-келиндердин арасынан суурулуп чыгып, жеңүүчү аталгандар сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи “Саида Хадича” институтунда болуп өттү. 

Ош шаарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков конкурс тест түрүндө өткөрүлгөнүн жана ошол тестте диний окуу жайлар үчүн суроолор татаал болсо да, жалпы көрсөткүч жакшы экенин айтты. 

Казы орун басары байгелүү орун алгандарды кызуу куттуктоо менен бирге конкурска катышуунун өзү жеңиш экенин белгиледи:

«Сиздер бул конкурска тайманбастык менен катышканыңыздардын өзү чоң жетишкендик. Ар бириңиздер пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бизге калтырып кеткен өрнөк жолун билип алдыңыздар. Мындан кийинки өткөрүлө турган иш-чараларга активдүү катышып, ийгилик жаратасыздар деп ишенем», — деди Мухаммадияр кары Курбанбеков.

Айта кетсек, шаардык казыят тарабынан пайгамбарыбызды (с.а.в.) таанытууга багытталган китеп окуу конкурсуна «Примов» фонду демөөрчүлүк кылып, сынактын жалпы байге фонду бир млн сомду түзгөн.