Президент Садыр Жапаров жаңы шайланган Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-мартта, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) жаңы шайланган Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировду кабыл алды. Жолугушууга Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров катышты.

Мамлекет башчысы Абдулазиз Закировду Кыргызстандын муфтийи кызматына шайланышы менен куттуктады. Талкуунун жүрүшүндө КМДБнын учурдагы ишмердүүлүгүнүн ар кыл маселелери, ошондой эле өлкөнүн алдында пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү темалары көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы – светтик жана көп конфессиялуу өлкө экенин, калктын 90 пайызга жакынын мусулмандар түзөрүн баса белгиледи. Ал башка диндерге карата Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырарын, бул баалуулуктарды жайылтууда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармылыгынын ролу өтө чоң экенин айтып өттү.

Мамлекет башчысы Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгын түшүндүрүү боюнча ишине канааттануусун билдирди. Жарандар бара-бара кымбат баалуу мүрзө таштарын жана шаан-шөкөттүү майрамдарды кредитке коюудан баш тартып жатканы белгиленип, Президент ысырапкорчулук көрүнүштөрүн азайтуу үчүн бул ишти улантууга чакырды.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз кезегинде кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровду Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле ал Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен республиканын бардык аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана кадрлар резервин түзүү пландары тууралуу билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров жаңы муфтийге өлкө жыргалчылыгы үчүн жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.