Абибилла ажы Кадырбердиев Ошто өткөн «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аттуу форумга катышты

Бүгүн, 13-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аттуу форумга катышып, өз баяндамасын жасады.

«Кыргызстан жападан-жалгыз үйүбүз жана күнөстүү мамлекетибиз. Биз мамлекетибиздин мындан да жагымдуу, мындан да коопсуз, мындан да бейпил болушуна баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Коррупция, эл мүлкүнө кол салуу, талап-тоноо, Мекенге чыккынчылык ж.б. Ошондой эле бирөөлөрдүн буюм-тайымын тартып алуу, тоноочулук, уурулук, бирөөнүн денесине атайылап залал берүү, ар түрдүү зордук-зомбулук түрлөрү ж.б. баары исламда – арам. Мындай жосундардын кесепети эки дүйнөгө тең тиет. Демек, кылмыштуулук динде тыйылгандай эле, мамлекетибизге да өз зыянын тийгизет. Эл аралык рейтингде күнөстүү өлкөбүздүн кадырын түшүрүп, берекесин качырат. Инвестиция келбей, өндүрүш жана бизнес солгундайт. Андыктан мыйзам жана укук бузууларга жапа тырмак каршы туруп, бул жаатта ар кимибиз колдон келишинче иш алып баралы. Туруктуу келечекти бирге куралы», – деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Форумда Ош улуттук драм театрынын актерлорунун аткаруусунда “Тагдыр” аталышындагы сахналаштырылган пьеса тартууланды. Актерлор укук бузуулардын анын ичинде бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара мамилелеринен улам келип чыккан зомбулук, аларга жол бербөө образдарын камтыган аракеттерди көрсөтүп беришти.

Иш-чара соңунда тиешелүү резолюция кабыл алынып, ИИО менен тыгыз иш алып барган бийлик өкүлдөрүнө, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Айта кетсек, “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форуму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөөгө ашыруу максатында КР ИИМ тарабынан өткөрүлдү. Саамалыкка Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Ош облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик органдардын жергиликтүү өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты.