Азирети Муфтий «Даанышман аксакалдар ордосу» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров бүгүн, 14-март күнү «Даанышман аксакалдар ордосу» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүн кабыл алды.

«Салтыбызда, наркыбызда аксакалдардын орду маанилүү болгону маалым. Ар кандай талаштуу маселелерди, көйгөйлөрдү, ал тургай чыр-чатактарды аксакалдар институту адилеттүүлүк менен чечип турган. Бүгүнкү күндө тилекке каршы, ушул жараян үзгүлтүккө учурап, коомдо аксакалдардын баркы сезилерлик деңгээлде ылдыйлап кетти. Сиздер дал ошол ардактуу миссияны жандантып, аракет кылып жүрөсүздөр», — деп ыраазычылыгын билдирди КМДБ жетекчиси.

Абдулазиз кары Закиров пайгамбарыбыздын (с.а.в.) «улуусун урматтабаган, кичүүсүн ызаттабагандар бизден эмес» деген маанидеги хадисин эске салып, ислам дининде улууларды урматтоо керектигин, бата-дубасын алуу зарылдыгын айтты.

Ал эми аталган бирикменин жетекчиси Кубатбеков Табылды Досумканович кабыл алганы үчүн Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирип, диний маданиятты көтөрүү, коомду руханий жактан агартуу, ысырапкорчулукту жоюу, кылмыштуулукту кыскартуу жаатында биргелешип иш алып баруу сунушун берип, диний башкармалыкка жакындан көмөктөшүү ниетин билдирди.

Айта кетсек, «Даанышман аксакалдар ордосу» коомдук бирикмесине өлкөнүн бардык аймагынан өкүлдөр кабыл алынып, учурда 3000 ден ашуун мүчөсү бар.