Ажыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 14-март күнү КМДБнын жыйындар залында 2024-жылкы ажыларды коштоп баруучу дарыгерлерге жыйын өткөрүлдү. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров дарыгерлерди Рамазан айы менен куттуктап, ажылык сапарындагы талаптар жана ибадаттын шарттары боюнча сөз кылып, Алла жолунда кызмат кылуунун артыкчылыктарына токтолду. 

«Дүйнөнүн төрт бурчунан мусулмандар ажылык үчүн ыйык жайларга агылат. Ислам маданиятында ыйык саналган Мекке, Медина шаарлары, Нур тоосу, Арафат өрөөнү болобу, баары ошол Куран түшкөн ыйык жерлерде экен. Алла Таала өзү сүйгөн пенделерин ажылыкка чакырары маалым. Сиздер 7 миллион элибиздин ичинен тандалып, ажылыкка аттанып жатканыңыздар кокустук эмес. Ажылыкка, ажыларга кызмат кылуу улуу жакшылык», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев зыярат учурунда врачтардын кызматы абдан мааниүү экенин айтса, КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылык сапары учурунда аткарыла турган иштер, айрым жагдайлар, ага көрүлөр ыкчам чаралар боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, ажыларга кызмат кылуучу 20 врач саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген.