Сайдахмад ажы Аппазов Самаркандек айылындагы эл менен жолугушууга катышты

Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазов Баткен районунун Самаркандек айылынын эли менен жолугушуу иш-чарасына катышып, баяндама жасады. Жолугушууга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Эл менен жолугушууга тийиштүү бардык облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, эл тарабынан көтөрүлгөн маселелерге жеринде жооп берилди. Жолугушууда Сайдахмад ажы Аппазов элди салтуу динди бекем сактоого, терс агымдардан алыс болууга жана ысрапкерчиликке жол бербөөгө жана Жараткандын жакшылыктарына шүгүр кылууга чакырды.

“Шүгүр кылып  жашаган адам ийгиликке жетет. Ал эми жашоодогу терс көрүнүштөр, бузукулук биздин шүгүр келтирбей жатканыбыздан кабар берет. Ошондуктан шүгүр кылсак Жараткан көбөйтүп берет жана жашообуз мындан дагы бакубат болот», — деди Сайдахмад ажы Аппазов.

Ошондой эле аталган жыйында социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө көрсөтүлгөн колдоолор үчүн өлкө башчысына жана облус жетекчилигине ыраазычылык билдирилди.