Сайдахмад ажы Аппазов: «Намаз эч качан дааратсыз окулбайт»

Баткен шаарындагы «Абу Бакр Сыддык» атындагы борбордук мечитине заманбап даараткана курулууда. Бул тууралуу Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазов кабарлады.

«Даарат — намаздын ачкычы», дааратты талаптагыдай алуу үчүн албетте ыңгайлуу шарт болуусу керек. Мына ошондуктан Баткен шаар элинин, мечит жамаатынын колдоосу менен заманбап даараткананын курулушу башталып, бүгүнкү күндө иштер кызуу жүрүп жатат. «Тазалык — ыймандын жарымы» жана намаз эч качан дааратсыз окулбайт. Ошондуктан заманбап даараткананын колдонууга берилиши мечит жамаатына эң жакшы ыйгайлуулукту түзөт”, — дейт Сайдахмад ажы Аппазов.