Баткен районунун баш имам-хатиби имамдарга жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Баткен районунун баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазов Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде Баткен районунун жана Баткен шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү.

Имамдар менен жолугушууда ар бир дин кызматкери элдин күзгүсү экенин белгилеп, жакшы үлгү болууга, жооптуу кызматка так, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, бир катар тапшырмаларды берди.

Алар;

• Ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасын бекемдөө;

• Аялдар арасында түшүндүрүү иштерин жандандыруу;

• Мечит-медреселерди каттоодон өткөрүү;

• ЖМК менен кызматташууну күчөтүү;

• Имамдардын билимин жогорулатуу,

• Ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

• Кайрымдуулук иштерин күчөтүү;

• Мечиттеги иш-чаралар жана бирдиктүү форма;

• Жаштардын руханий жактан өсүшүнө багытталган баяндама жана лекцияларды өткөрүү.

Белгилей кетсек, иш-чара облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун буга чейинки өткөргөн жыйынында берилген тапшырмаларын аткарууга алуу максатында уюштурулган.