«Апиза эне» ислам институтунда кызамыкка каршы жана эмдөө боюнча лекция өтүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жайгашкан “Апиза эне” ислам институтунда кызамыкка каршы жана эмдөө боюнча студенттерге лекциялык түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду. Аталган иш-чарага Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Түштүк филиалынын дарыгерлери Элмира Казыбекова, Бекзат Умаров жана жогоруда аталган окуу жайдын ректору Абдирашит ажы Батыров, райхатибият кызматкерлери, институттун мугалимдери жана студенттери катышты.

Лекциялык түшүндүрүү иш-чарасынын алкагында кызамыктын келип чыгышы, пайда болушу жана ден соолукка тийгизген таасири тууралуу түшүнүк берип, эмдөө боюнча кеңир маалыматтарды берип өттү.

Жолугушуу соңунда студенттер тарабынан суроолор узатылып, жооптор берилип, атайы даярдалган “Көңүл бургула – КЫЗАМЫК!” аттуу брошюралар студенттерге таратылды.