Куттубек ажы Дүйшөбаев: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен ажылык кылуу үчүн өтө чоң эмгек керек»

Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дуйшебаев умра сапарына аттанып жаткан ажыларга сабак өтүп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде «Рамазан айында аткарылган умранын сообу мени менен ажылык кылганга барабар» деген. Мындай улук соопко ээ болуу үчүн, бизден алда канча курманчылыктар талап кылынат. Ар бир нерсенин өзүнө жараша кыйнчылыгы болгондой, Рамазан айындагы умранын кыйынчылыгы да башкача. Мына ушул кыйынчылыктарга чыдап, сабырдуу болуп, адеп-ахлак оңдоп барып келсек, хадисте айтылган даражага жетебиз», — деп белгиледи баш имам-хатиб Куттубек ажы Дүйшөбаев.

Ал ошондой эле сабактын жүрүшүндө зыяратчыларга умранын шарттарын, маани-маңызын түшүндүрүп, барып келгенден кийин өзүн кантип алып жүрүү зарылдыгын айтты.