Акжол ажы Бакиров жума мечит имамдарына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 15-март күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн шаарындагы жума окулуучу мечит имамдарына жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

— Таравих намазын, а.и. Куран хатм окууда тиешелүү эрежелерди сактоо;

— Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасына бекем болуу;

— Жаштардын адеп-ахлагы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Диндеги аша чабуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Эртең, 16-март күнү өтө турган ишембилик иш-чарасына активдүү катышуу.

«Ар бир иште жоопкерчиликти сезип аткарганда гана натыйжа болот. Берилген тапшырмаларды аткарууда кайдыгер болбосоңуздар. Өзгөчө жаштардын тарбиясына, диндеги аша чабуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерине катуу көңүл буруңуздар», — деди Акжол ажы Бакиров.