Алибек ажы Жусупов «Салиха» атындагы аялдар окуу борборун зыярат кылып, студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 15-март күнү Ош облустук казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районундагы «Салиха» атындагы аялдар окуу борборун зыярат кылып, студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Алибек ажы Жусупов жана Жамийла Жапашова «Диндеги аша чабуу» жөнүндө баяндама жасап, студенттердин окууларына ийгилик каалады. «Ислам динин башкаларга жеткирүүдө жана амалдарды аткарууда кыйындаштырбастан, жеңилдетүү жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Жеңилдеткиле, оорлоштурбагыла, сүйүндүргүлө, жек көрсөтпөгүлө” деп айткан. Ошондой эле башка бир хадисте пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Дин – жеңил. Бир адам алы жетпеген ибадаттарды аткарууга аракет кылса, диндин алдында алсыз болуп калат. Ошондуктан өзүңөрдү кыйнабагыла. Туура жана орто жолдо болгула, (Салих амалдардан ала турган сообуңар үчүн) сүйүнгүлө…” деп билдирген. Ошол себептен, өтө эле аша чаап кетпестен, илим алып, ар бир нерсенин өкүмдөрүн өздөштүрүү керек» – деди Алибек ажы Жусупов.