Ош шаарында ЖОЖ студенттерине атайын лекциялар өтүлө баштады

Бүгүн, 15-март күнү Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары коллежинде студенттерге багытталган семинар өткөрүлдү. Иш-чарада радикализмдин алдын алуу боюнча КР ДИМК ТАБдын адиси Ибрахим Жумабай уулу жана Ош шаардык казыятынан мечиттер боюнча куратор Мустафа ажы Абдиев лекция окуду. 

Мустафа ажы Абдиев азыркы учурда туура нуктан чыгып кеткен агымдар бар экенин, аларга кирип кетпөө үчүн динге тиешелүү маалыматтарды расмий имамдардан алуу зарылдыгын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча студенттерге лекцияларды көп-көп уюштуруу керектигин айтты. 

Ал эми ДИМКнын адиси Ибрахим Жумабай уулу тарабынан Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты, укуктар жана милдеттер, улуттук баалуулуктар, дин тутууга байланыштуу нормативдик-укуктук актылар, Кыргыз жараны жана Улуттук нарк жөнүндө КР Президентинин жарлыктары, КРнын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдар жана алардын негизги максаттары, жаштардын радикалдашуусуна себеп болгон факторлор, ысырапкерчиликтин кесепеттери жана экономикага тийгизген таасирлери боюнча маселелер айтылды.

Белгилей кетсек, шаардык казыяттын 2024-жылкы иш планында жогорку окуу жайлар менен тыгыз иш алып баруу, сабактарды, лекцияларды уюштуруу жана диний сабаттуулукту көтөрүү мерчемделген.