Балыкчынын имамдары Балыкчы ШИИБинде өткөн жыйынга катышты

Бүгүн, 15-март күнү Балыкчы шаарынын Ички иштер бөлүмүндө жыйыналыш өткөрүлүп, ага шаардын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов баштаган калаа имамдары активдүү катышты. Иш-чаранын алкагында баш имам-хатиб баштаган дин кызматкерлери Балыкчы шаардык  ИИБнин жетекчиси болуп жаңы дайындалган милициянын полковниги Нурбек Калыкеев менен таанышып, жоопкерчиликтүү иш орду менен куттукташты.

Жыйында жакындан таанышуу, пикир алмашуу, жаш өспүрүмдөрдүн жол кырсыктарына кабылышынын алдын алууда имамдар менен иштешүү жана КР Президентинин ысырапкорчулук боюнча Жарлыгынын эл арасында аткарылышы тууралуу сөз болду.

Ошондой эле калктын коопсуздугу, ынтымагы  жана биримдиги үчүн биргеликте иш алып баруу талкууланды. Өз кезегинде Чойбек ажы Исакунов Нурбек Калыкеев баштаган тартип сакчыларынын иштерине ийгиликтерди каалап, берекелүү Рамазан айы менен куттуктады.