Кара-Сууда мечит жамааты 40 үй-бүлөгө жардам баштыкчасын таратты

Бүгүн, 15-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Падаван айылында жайгашкан «Падаван» мечитинин имам-хатиби Насрулла Газиевдин демилгеси менен мечит жамааты 40 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратты.

Жардам баштыкчасында: 10 кг ун, 5 литр май, 4 кг макарон, 30 даана жумуртка, 1 коробка курма, 2 килограммдан эт, кум шекер, туз, 4 кг күрүч жана башка азыктар камтылган. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 137 645 сомду түздү.

«Райондогу имамдарыбыз кайрымдуулук иштерин уюштурууда бири-биринен калышпай, активдүү кызмат кылышууда. Буйруса Рамазан айында кайрымдуулук иштери токтоосуз уланат деген ишеничтебиз», — деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.