Алмазбек ажы Сагындыков: «Табиятка аяр мамиле кылып, аны таза кармообуз кажет»

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарындагы «Яхья Умар аль-Филали» борбордук мечитинде жамаатка жума баянын жасады. Облус казысы оболу намазга келген элди кирип келген ыйык Рамазан айы менен куттуктап, туткан орозолорун, кылган жакшылыктарын кабыл болуусун тиледи.

Андан соң айлана-чөйрөнү тазалоонун сооптору, табият менен таттуу мамиледе болуу жана жол кыймылынын коопсуздугу үчүн эрежелерди сактоо керектиги туурасында баяндама жасады.

«Динибизде жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана жалпы эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого терең көңүл бурулган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кайсы бир мусулман бак тиксе же эгин эксе, андан асмандагы канаттуулар жесе, же жердеги жаныбарлар жесе, же адамдар тамактанса, ал үчүн садака болот» деп айткан. Ошондой эле, «Эгер колуңарда көчөт болсо жана кокустан кыямат башталып кетсе, аны тигип койгула» деп айтылган. Ал эми, айлананы таза кармоону талап кылган пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Үч жерге даарат ушатуучуларга Аллахтын каргышы болот, адамдар суу алуучу жерге, адамдар эс алуучу жерге жана адамдардын жолуна» деген. Ал эми жаныбарларга тиешелүү өтө көп хадистер бар. Мисалы: жаныбарларды азаптагандарды Аллахтын азаптоосу, мышыкты камап коюп өлтүргөн аялдын тозокко киргендиги жана итти сугарып койгондугу үчүн бир адамдын бейишке киргендиги айтылган. Демек, туугандар, биз табиятка аяр мамиле кылып, аны таза кармообуз кажет», — деп облус казысы насаатын айтты.

Ал өз баяндамасында мечиттин ичи-сыртын, адамдын өзүн таза кармоосу зарылдыгын кошумчалады.