Дастан ажы Мамаев: «Ибадатты көпчүлүк менен аткарууда жеңилдеткенге аракет кылалы»

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондогу мечиттерди кыдырып, таравих намаздарына катышып, катмы Куранды Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйругуна ылайык окулуусун көзөмөлдөөдө.

«Ибадат көпчүлүк менен кошо аткарылганда, мүмкүн болушунча жеңилдеткенге аракет кылалы. Анткени биздин күчүбүз жеткен нерсе жамаатка оор келип калышы мүмкүндүгүн эске алуубуз керек. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в): «Эй адамдар! Силер жек көрсөтүп жатасыңар. Адамдарга намазга өткөн киши (зериктирбей турган абалда) жеңил окусун, анткени жамааттын ичинде оорулуу, алсыз жана зарылчылыгы болгон адамдар бар» деп айткан. Буйруса райондун аймагындагы мечиттерде окулуп жаткан катмы Куранды карыларыбыз Кадыр түнгө бүтүрөт», – деди Дастан ажы Мамаев.