Ноокаттагы жума мечит имамдарына жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу жума окулуучу мечит имамдарына жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

— Мечиттердин ички жана тышкы тазалыгына көңүл буруу.

— Таравих намазы, Катмы Куран окууда тиешелүү эрежелерди сактоо;

— Исламдагы аялзатынын кийинүү стили, тартиби, шарияттагы өкүмдөрү.

Ошондой эле, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жаштардын тарбиясына, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо жана диндеги аша чабуунун алдын алууга басым жасоону тапшырды.

Айта кетсек, Ноокат району боюнча 120 мечитте хатм Куран кылынууда.