Ош шаардык казыяты «Тазалаган эмес, булгабаган жер таза» аттуу ишембилик өткөрдү

Кечээ, 16-март күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты ишембилик өткөрүп, ага Ош шаарындагы жалпы диний окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери катышты. 

Аталган ишембиликти Ош шаардык мусулмандарынын казыяты демилгелеп, “Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей” комплексинин жетекчилери менен биргеликте Ош шаарынын символу болгон Сулайман-Тоонун айланасын тазалап, тоо таштандылардан арылды. 

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов ишембиликке өзү да катышып, жалпы ыктыярчыларга ыраазычылык айтты:

«Шаарыбыздын таза болушуна аз болсо дагы салым кошолу. Тазалыкты өзүбүздүн баштасак, бизден үлгү алган адамдар тазалыкты сактоону үйрөнөт. Тазалык иш-чарабызда сиздер, урматтуу талабалар, бул жылы алгачкылардан болуп жардам көрсөтүп жатасыздар. Ишембиликтин башталышын ушул Сулайман-Тоодон баштадык. Кийинки тазалык саамалыгыбыз мечит, медреселерде уланат».

Белгилей кетсек, ишембиликке жалпы миңден ашык студенттер катышып, алар 6 тайпага бөлүнүп, Сулайман-Тоонун тегереги таштандылардан толук тазаланды.