Ош облусундагы жалпы дин кызматкерлери жана ДОЖ студенттери ишембиликке активдүү катышты

Кечээ, 16-март күнү өлкөнүн бардык аймактарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүрүп, ага Ош облусундагы жалпы дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын студенттери активдүү катышты.

«Ош облусу боюнча жалпысынан миңден ашуун мечит, кырктан ашуун КМДБга караган диний окуу жайлар болуп, андагы имамдар жана ДОЖ студенттеринин баары ишембилик иш-чарасына активдүү катышты. Аллахым баарынан ыраазы болсун. Негизинен динибиз ар дайым тазалыкка көңүл бурат. Адамдын ички дүйнөсүн жана сырткы айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча элибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өзүбүздүн ден соолукка кам көргөн болобуз. Буйруса таштанды тазалоочу эмес, таштанды таштабай турган коом болобуз», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.