Ноокатта жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук хатибиятынын демилгеси, Бел айыл өкмөтүндөгү Кайрагач айылындагы 1984-жылы туулган жигиттеринин колдоосу менен «Толубай Аким ата» мечитинде Курандан 2 пара, 1 пара жана жарым пара категориялары боюнча жарыш уюштурулду. Куран конкурстун байге фонду 250 миң сомду түздү.

Жарым пара боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун – Абубакир уулу Даниел

2-орун – Сайитов Зубайир

3-орун – Камчиев Элмирбек

1 пара боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун – Жакыпов Абдулла

2-орун – Калдарбаев Нурислам

3-орун – Калмурзаев Исхак

2 пара боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун – Акматалиев Нурислам

2-орун – Салиев Ийгилик

3-орун – Калмурзаев Ибрагим

Башка катышуучуларга да кызыктыруучу белектер тапшырылды.

«Рамазан айында инсандар көбүрөөк Куран окуусуна себепчи болуу максатында жарыш өткөрүлүп жатат. Буйруса катышуучуларыбыз Куран окуу менен жан дүйнөсүн байытып, Рамазан айында көптөгөн соопко жетишсин жана окуусуна стимул болсун деп ниет кылып, арзыбаган белектерибизди тапшырдык», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.