Муфтият бир айлык ишембилик жарыялады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан 18-апрелине чейин бир айлык ишембилик жарыяланды. Чечимдин максаты, өлкө аймагындагы КМДБга караштуу диний мекемелердин инфратүзүмүн, санитардык абалын жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу болуп саналат.

Жогоруда көрсөтүлгөн бир ай аралыгында КМДБнын түзүмүндөгү мекеме кызматкерлери өз объектилеринин айланасын таштандылардан арылтып, жашылдандырып, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзмөкчү.

وَقَالَ رَسُولُ اللّٰهِ صَلَّي اللّٰهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:

إِنَّ اللَّهَ طَيِّبٌ يُحِبُّ الطَّيِّبَ نَظِيفٌ يُحِبُّ النَّظَافَةَ كَرِيمٌ يُحِبُّ الْكَرَمَ

Хадис: «Алла Таала кооз зат, кооздукту сүйөт; таза зат, тазалыкты жакшы көрөт; жоомарт зат, берешендикти жактырат»

(Муслим, Ийман 147; Тирмизи, Адаб 41)