“Али Аль-Байт” мечитинде муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 18-март күнү Ош шаарына караштуу “Али Аль-Байт” мечитинде муктаж болгон 100 үй-бүлөгө тамак ашка керектелүүчү азык-түлүктөр таратылды.

“Али Аль Байт” мечитинин имамы Мустафа ажы Абдиев жамааты менен биргеликте ар бир Рамазан айында муктаж болгон үй-бүлөлөргө рамазандык баштыкчаларын, азык-түлүктөрдү таратып келерин айтып, жалпы көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, улук айда сообу көбөйтүлүп берилерин айтты. 

Белгилей кетсек, калаадагы жалпы мечиттерде рамазандык баштыкчалары таратылып жатканын Ош шаардык казыятынан билдиришти.