Чүйдө рамазандык кайрымдуулук иштери уланууда

Чүй облусунун Токмок шаары жана Чүй районунун баш имам-хатибдери Имиржан ажы Касымов, Сапарали ажы Акбаевдин демилгелери менен муктаж үй-бүлөлөргө жардам баштыкчалары таратылды.

Атап айтсак, Токмок шаарынын баш имам-хатиби Имиржан ажы Касымовдун демилгеси менен 50 үй-бүлөгө жалпы суммасы 75 миң сомду түзгөн азык-түлүктү «Шакирхан Төрө» мечитинин жамааты таратты.

Ал эми Чүй районунун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаевдин демилгеси, «Бишкек» Кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 37 үй-бүлөгө ар бир кишиге 1 кап ун, 5 литр суу май, 5 кг гүрүч, 5 кг кум шекер жана азык-түлүк таратылды.

«Рамазан айында аткарылга кайрымдуулуктар башка айларга караганда сооптураак болорун элибиз да түшүнүп жетти. Буюрса, байлар, колунда барлар зекет, садагаларын берип турушса, муктаж үй-бүлөлөр калбайт. Пайгамбарыбыздын куттуу хадисинде «Садакадан байлык азайбайт» деп айтылган. Аллах Таала баарыбызга жакшылыгын, берекесин берсин», — деп билдирди Токмок шаарынын баш имам-хатиби Имиржан ажы Касымов.