Жалал-Абад: Ишкер 6 мечитке рамазандык белек тартуулады

Рамазан айынын урматына жеке ишкер Мирусс Эгембердиев Ноокен районундагы 6 мечитке чаң соргуч, Курани Каримдин кыргызча котормосу жана хадис китептерин белек кылды. Бул тууралуу Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкер тарабынан тартууланган белек райондун борбордук мечитине, ошондой эле райондун аймагындагы башка 5 мечитке берилген.

“Пайгамбарыбыздын куттуу хадисинде “Тазалык – бул  ыймандын жарымы” деген. Ишкер Мирусс Эгембердиевдин Рамазан айынын урматына жасаган бул жакшылыгынан Аллахым ыраазы болсун. Буйруса, анын алып келген китептери мечитке келген жамааттын диний билим алуусуна кызмат көрсөтсө, чаң соруучу жабдуу мечиттерибиздин тазалыгы үчүн себепчи”, — деди Тынчтыкбек ажы.