Кара-Сууда имамдардын демилгеси менен кайрымдуулук иштери уланууда

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров имамдардын демилгеси менен район аймагында кайрымдуулук иштери күн сайын ар кайсы мечиттерде уланып жатканын билдирди.

Бул жолкусунда Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жайгашкан «Номан ибни Сабит» мечитинин имам-хатиби Юлдашбай Мойдиновдун демилгеси менен атын атагысы келбеген жаран тарабынан муктаж болгон 6 үй-бүлөгө 60 миң сомдук килем тапшырылды.

Ошол эле учурда Сарай айыл өкмөтүндөгү «Ала-Тоо» мечитинин имамы Ядгарбек Садыковдун демилгесин жергиликтүү демөөрчү Сүйүн Боронбаев колдоого алып, муктаж болгон 40 үй-бүлөгө 50 кг ун таратты. Кайрымдуулуктун суммасы 50 миң сомду түздү.

Жалпысынан айтканда, эки мечит имамдарынын демилгеси менен 110 миң сомдук кайрымдуулук өткөрүлдү.