Азирети Муфтий Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, боордоштук мамилени күчтөндүрүү жана диний билим берүү тармагындагы иш-аракеттер боюнча пикир алышты.

«Биз эзелтеден бир тууган элбиз. Түркиянын өлкөбүздөгү дин маданиятын көтөрүүдө ролу зор. Анткени тарыхыбыз да, тамырыбыз да, тагдырыбыз да бир. Кан жагынан гана эмес дин жагынан да бир тууганбыз. Түрк эли да, биздин эл да акыйдада матуридиликти, шариятта ханафиликти карманабыз. Бүгүнкү күндө Түркияда жогорку диний билим алып кайткан азаматтарыбыз эч бир кыйынчылыксыз, тоскоолдуксуз, көйгөйсүз коомчулук менен мамыр-жумур аралашып, диний жаатта үзүрлүү эмгектенип жатышат. Анткени биздин нарк-насил менен түрк элинин үрп-адаты анчалык деле айырмаланбайт», — деди Азирети Муфтий.

Ал эми Ахмет Садык Доган Азирети Муфтийди кызмат орду менен куттуктап, буларга токтолду:

«Биз мында жеке өзүбүздүн гана эмес, Түркия мамлекетинин атынан куттуктоо үчүн келип олтурабыз. Сиз айткандай, биздин байланышыбыз абдан терең. Түркия өлкөсү Кыргыз мамлекети эгемендикти алганда эң алгачкылардан болуп бир тууган Кыргызстандын эгемендигин тааныган өлкөлөрдүн бири. Буюрса, бул байланыш үзгүлтүккө учурабай, жакшы деңгээлге өсөт деп ишенебиз. Алдыда биртоп жакшы иштер, өзгөчө Түркия муфтияты менен Кыргызстан муфтиятынын ортосунда кызматташтык пландары бар. Жогоруда өзүңүз белгилегендей, биз менен сиздердин динибиз, акыйда-шариятыбыз окшош. Анткени түрк эли бул чөлкөмдөгү ислам дүйнө таанымын Анатолияга алып кетип, бүгүнкү күнгө чейин мыкты деңгээлде коргоп келет. Эми ошол Мавераннахр ислам дүйнө таанымын чогуу өркүндөтүп, ишеним негиздери бузулган ар кандай салттуу эмес агымдардан чогуу коргошубуз керек», — деп билдирди Элчи.

Ахмет Садык Доган жакынкы аралыкта элчилик тарабынан аткарыла турган айрым иш-пландарды, куттуу Рамазан айындагы иш-чаралар жана ооз ачар дасторкондору боюнча учкай кеп кылды.