Өзгөндө аялдарга багытталган сабак уюштурулду

Кечээ, 19-март күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Өзгөн шаарындагы аялдарга сабак уюштурду.

Аталган сабакка 150 дөй жакын аялдар катышып, мазхабга бекем болуу, жаштардын адеп-ахлагы жана таалим-тарбиясына көңүл буруу, диндеги аша чабуунун алдын алуу деген темаларда баяндамалар жасалды.

«Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы» деп айтылгандай эле, динибиздин риваж болушунда, жаштардын тарбиясын жакшыртууда апалардын орду чоң. Ошол себептен, аялдарга сабактарды уюштуруу менен жаштарыбыздын тарбиясы жакшырат деген ишеничтебиз. Ошондой эле, дагы бир маселе тууралуу айта турган болсок, тамакты даамдуу кылган туз. Бирок туз көбүрөөк болсо, тамактын даамын бузуп коёт. Мындайча айтканда, ар бир нерсенин чеги менен аткаруу керек. Ашыкча аша чабуу зыян келтирүүсү мүмкүн», — деди Акжол ажы Бакиров.

Айта кетсек, аялдар үчүн уюштурулган сабактар ар ай сайын улантуу пландалды.