Call-центр: Муфтият кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана «Альфа Телеком» ЖАК мекемесин зыярат кылды

Бүгүн, 19-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкерлери таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана «Альфа Телеком» ЖАК мекемесин зыярат кылышты. Саамалыкка КР Президентинин ЖКдагы өкүлү Асан Гайыпов катышты.

КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев өлкөбүздөгү жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы жарандарыбыздын шарияттык суроо-талаптарын орундатуу максатында атайын байланыш түйүнүн уюштуруу зарылдыгы бар экендигине токтолду:

«Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, муфтияттын алдында 24/7 саат бою жарандарга кызмат көрстүү, диний суроо-талаптарына жооп берүү, диний муктажжыгын канааттандыруу максатында Call-центр ачууга белсенип турабыз. Баарыбыз жакшы билгендей, ушул эки мекеме жарандар менен үзгүлтүксүз байланышып, элге жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүп келет. Биз, муфтият катары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана «Мегаком» байланыш каражатынын практикасын көрүп, тажрыйбасын пайдаланып, мусулман бир туугандарыбызга кызмат кылсак дейбиз», — деп билдирди.

Белгилей кетсек, КМДБнын жетекчиси тарабынан өлкөдөгү жарандардын жана чет жердеги мекендештердин ар кандай суроолоруна күнү-түнү жооп бере турган колл-центр кызматын ишке киргизүү боюнча тапшырма берилип, ал 2024-жылдын иш мерчемине киргизилген.