Алибек ажы Жусупов «Муслима» медресесин зыярат кылып, студенттерине баяндама жасады

Бүгүн, 19-март күнү Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районундагы «Муслима» медресесин зыярат кылып, студенттерине баяндама жасады.

Студенттер менен болгон жолугушуунун алкагында Алибек ажы Жусупов жана Жамийла Жапашова өз баяндамаларын жасашты.

«Рамазан айында медреселерде ар дайым катмы Куран окулуп жатканын көрүп көз кубанат. Аллага дуба кылып, ар дайым өлкөбүздө тынчтык, амандык, береке болуусун тилейбиз. Өлкөбүздө дин эркиндиги бар болгондугу үчүн диний окуу борборлордо, медресе-мечиттерде күн сайын катмы Курандар окулуп жатат. Ага шүгүр келтирели жана эркиндиктин кадырын билели. Эркиндик деп эле аша чаап кетүү да туура эмес. Ар бир нерсенин ортосу жакшы», – деди Алибек ажы Жусупов.