«Таштан ажы» медресесинин студенттери ишембилик өткөрүштү

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы «Таштан ажы» медресесинин мугалимдери жана студенттери Москва районунун администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте Москва районунун борбордук көчөлөрүн тазалашып, жол жээктерине көчөттөрдү отургузушту.

«Динибизде тазалыктын ыймандын жарымы экени айтылган. Айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, аны таза сактап, келечек муунубузга өткөрүп берүү – биздин милдет», – деп белгиледи «Таштан ажы» медресесинин мүдүрү Махмадали ажы Махмашарипов.