Абдурашид ажы Юнусов: «Имамдар бардык иштерде үлгү болушу керек»

Баткен шаарындагы “Нуьмани” борбордук мечитинин имам-хатиби, мурдагы шаар, райондун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов Баткен шаар, районунун жаңы баш имам-хатиби кызматына дайындалган Сайдахмад ажы Аппазов менен жолушуп, анын иштерине ийгилик каалады. Муну менен катар белек катары чепкен жаап, селде тапшырды.

“Имамдар бардык жакшы иштерде үлгү болушубуз керек. Илим алууда, тазалыкта, кийим кийүүдө, коомдук иштерде активдүү болуп, үлгү катары адилеттүү кызмат кылалы”, – деп билдирди Абдурашид ажы. Ал ошондой эле өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, ар дайым кызматташууга даяр экенин билдирди.  

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-мартынан тарта Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын буйругу менен Сайдахмад ажы Аппазов Баткен районунун баш имам-хатиби болуп дайындалган.