Айбек Кузибеков: “Балдар көзүбүздүн кареги, жүрөгүбүздүн мөмөсү”

Кечээ, 18-март күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибеков «Дыйкан» орто мектебинде «Бактылуу үй-бүлө – бактылуу коом» аталышындагы ата-энелер чогулушуна катышты.

Жыйында дин кызматкерине сөз берилип, ал пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) осуяттары менен сунуш-чакырык айтып, жалпы ата-энелерге кайрылуу жасады:

«Ата-эненин үй-бүлөдөгү орду зор. Балдарга үлгү болуу менен биргеликте татыктуу тарбия берели. Билим алуусуна эч качан кайдыгер карабайлы. Көзүбүздүн кареги, жүрөгүбүздүн мөмөсү болгон жеткинчектерибизге ыймандуу келечекти бүгүндөн калбай түптөп берели!».

Жыйналышка катышкан мугалимдер жана ата-энелер жамааты имамдын таалим-тарбия багытындагы айткан сөздөрүн балдарга жана коомго насаатчы катары жеткирүү керектигин айтып, сунуш-демилгени колдоого алышты.