Кара-Суудагы «Жабир» кыздар медресесинде беш тараптуу иш-пландын негизинде иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 19-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө жайгашкан «Жабир» кыздар медресесинде беш тараптуу иш-пландын негизинде иш-чара өткөрүлүп, ага Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, ДИМК ТАБнын өкүлдөрү Акмат Оморов, Ибрахим Жумабай уулу, Иляз Маматкаримов, окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты.

Жыйында ДИМК ТАБдын өкүлдөрү тарабынан Кыргызстан аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдар тууралуу маалымат айтылып, диний маалымат алууда анализдөө керектигин жана тиешелүү тараптардын уруксаты менен басылып чыккан китептерди окуу, уруксаты жок китептерди текшертүү керектигин кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө Абдималик ажы Турсунбеков ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын бекем кармануу боюнча айтып, ага кошумча исламда аялзатынын кийинүү тартиптерине токтолду.

«Аялзатынын денеси жаап жүрүүсү парз болгон эрежеге биздин салттуу кийимдерибиз дал келет. Ошол себептен, көзгө өөн учурай турган капкара кийимдерди кийип, динди жаман көрсөтүп албайлы. Ал эми ачык кийинип жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, уяттуу жерлерин жабуу парз экендигин жеткирүүгө ар бириңиздер өз салымыңыздарды кошуңуздар», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.