Манас районунда 50 муктаж үй-бүлөгө рамазандык азык-түлүк таратылды

Талас облусунун Манас районундагы жардамга муктаж болгон 50 үй-бүлөгө кайрымдуу инсандар тарабынан Рамазан баштыкчалары таратылды. Район хатибиятына келген жардам Манас районуна караштуу беш айылга имам-хатибдер аркылуу дарегине жеткирилди.

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев: «Бул кайрымдуу инсандар район хатибияты менен тыгыз байланышта. Жана бир топ убакыттан бери үзгүлтүксүз кайрымдуулук иштерин аткарып келишет. Бул инсандардын иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Аллах Таала тапкандарына береке берсин», – деди.