Алибек ажы Жусупов «Сармазар» аялдардын диний окуу борборун зыярат кылды

Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов Кара-Суудагы «Сармазар» атындагы аялдардын диний окуу борборун зыярат кылып, студенттерине диндеги аша чабуулардан оолак болуу боюнча өз баяндамасын жасады.

«Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Илим алуу менен шарият өкүмдөрүн жакшы түшүнүп, амал кылууда жеңилдиктер пайда болот. Чындыгында динибиз жеңил, аны оорлоштуруунун кереги жок», – деди Алибек ажы Жусупов. Андан соң Жамийла Жапашова сөзгө чыгып, исламда аялзатынын кийинүү тартиптерин айтып өттү.