Алмазбек ажы Сагындыков: «Мусулман адам ыймандуу да, илимдүү да болушу керек»

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков кечээ, 19-март күнү И.Бийбосунов атындагы педогогикалык коллежде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жана жалпы ислам дини туурасында лекция окуду. Жыйынга окуу жайдын окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. 

Облус казысы жыйында ислам тарыхы, учурдагы тыюу салынган диний уюмдар, ишенимдеги катачылыктар, ошондой эле орозо, намаз маселелери, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча да кеңири маалымат берип өттү. 

“Кээ бир туура эмес жамааттар илимсиздиктен эле пайда болуп жатат. Мусулман адам ыймандуу да, илимдүү да болушу керек. Ошол себептен урматтуу студенттер, окууга ынтызар болуп, дин туралуу маалыматтарды да туура багыттан алгыла!” – деген облус казысы ыймандын жанында илим-билимдин маанилүү экендигин билдирип, студенттерге өз насаатын айтты.

Жыйын сонунда суроо-жооп уюштурулуп, студенттер соболдоруна жооп ала алышты. Коллеждин окутуучулар жамааты Алмазбек ажы Сагындыковго ыраазычылыгын билдирип, кийинки чогулуштарга да келип туруусун суранышты.