Бекназар ажы Жапаров: «Рамазан айында кайрымдуулук кылуу менен эселеп соопторго ээ болосуздар»

Кечээ, 19-март күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндөгү Бостон айылында жайгашкан «Саибжан уулу Абдугафар ажы» атындагы мечиттин имамы Илхамжан Тойчиев 25 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын таратты.

Жардам баштыкчасында ун, май, макарон, эт, күрүч жана башка күндөлүк керектелүүчү азыктар камтылган.

Аталган кайрымдуулук иш-чарасына райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров катышып, кайрымдуулук иштерин байма-бай уюштуруп туруу керектигин айтып өттү. «Учурда кудайга шүгүр, токчулук болууда. Балким айрым үйлөрдө Рамазан айында ооз ачарга азык-түлүк аз калгандыр же мүмкүнчүлүгү чектелген муктаж үй-бүлөлөр бар чыгар. Рамазан айында кайрымдуулук кылуу менен эселеп соопторго ээ болосуздар», – деди Бекназар ажы Жапаров.