Азирети Муфтий Ирандын элчиси менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Голям Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар бири-бирин ыйык Рамазан айы менен куттуктап, кыргыз-фарс кызматташтыгын чыңдоо, маданий алакаларды бекемдөө боюнча пикир алышты.

Абдулазиз кары Закиров атайын убакыт бөлүп, зыярат кылган ирандык делегацияга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Айта кетсек, жолугушууга ИИРдин КРдагы элчисинин орун басары Мостафа Кебритчи, маданият өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан ажы Сыргабаев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Белек Жапаракунов катышты.