«Умму Фатима» диний окуу борборунда «Орозо кармоо сабырдуулукка тарбиялайт» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа айылында «Умму Фатима» атындагы аялдардын диний окуу борборунун мүдүрү Муратбек Кудайберди уулу менен биргеликте «Орозо кармоо сабырдуулукка тарбиялайт аттуу иш-чара өткөрдү.

Аталган иш-чарага катышкан 100 аялга бир сүлгү, суусундуктар, курма жана набат салынган ифтар баштыкчалары белек кылынды. Ифтар баштыкчаларын даярдоо үчүн 50 миң сом жумшалган.

Иш-чаранын алкагында «Орозо кармоо сабырдуулукка тарбиялайт» темасында баяндамалар жасалды.