![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/03/IMG-20240319-WA0026.jpg)
Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы «Равза» медресесинин мугалимдер жамааты студенттер менен биргеликте КМДБнын № 75 буйруктун негизинде Жаңы-Жер айылындагы коомдук жайларды, көчөлөрдү таштандыдан арылтышып, ишембилик иш-чарасын өткөрүштү.
«Ислам — бул тазалыктын жарчысы, себеби ыйык Куранда Аллах Таала мындай деген: «Аллах да абдан тазаларды сүйөт». Динибиз ар тараптуу таза болууга, айлана-чөйрөнү да жакшыртууга үндөйт. Өзүбүз дагы таза болуп, башкаларды да тазалыкка үндөйлү», — деп белгиледи Равза медресенин мүдүрү Өскөнбай ажы Каландаров.
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/03/IMG-20240319-WA0025.jpg)