Азирети Муфтий И. Арабаев атындагы КМУ жетекчилиги менен жолугушуп, тажрыйба алуу жаатында пикир алышты

Бүгүн, 20-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биринчи проректору, проф,. док. Талантбек Курманбек уулу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашуу тууралуу сөз болуп, КМДБ жетекчиси Кыргыз мамлекеттик университетинин практикасына кызыкты.

«Жалпыга маалым болгондой, Эшенаалы Арабаев атабыз диний билим менен дүйнөбий билимди айкалыштырган, улуттук билим берүүгө негиз салган улуу агартуучулардын бири. Сиздердин жогорку окуу жай Эшенаалы атабыздын атын жөн жерден алып жүргөн жок. КМУну өлкөбүздөгү бараандуу ЖОЖдордун бири катары билебиз. Биз муфтияттын алдындагы диний билим берүү мекемелеринде дүйнөбий билим берүүнү мамлекеттик стандартка ылайыктап, мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүүгө жетишүүнү эң приоритеттүү багыттарыбыздын бири катары тандап алганбыз. Биздин студенттер айдың аталарыбыз өңдүү бир эле учурда Куран окуп, динин жашаган, ошол эле учурда керектүү кесипке ээ болуп, коомдон ордун таап кете турган болушу керек. Башкача айтканда, кош билим берүү системасына жетишүүнү көздөп турабыз. Бул жаатта сиздерде мол тажрыйба бар», — деди КМДБ жетекчиси.

Ал эми проф., док. Таланбек Курманбек уулу атайын чакырганы үчүн Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировго ыраазычылык билдирип, буларга токтолду.

«Буга чейин диний аалымдар менен жолугушуулар көп жолу өткөрүлсө да, мындай бийик деңгээлдеги жолугушуу биринчи жолу болуп жатат. Биз үчүн тарыхый жолугушуунун ыйык орозо айына туш келиши да кокустук эместир. Биз сиздердин бардык артыкчылыктуу сунуш-демилгеңиздерди колдойбуз жана бул жаатта колдон келишинче кызматташууга даярбыз. Биздин ЖОЖдун материалдык-техникалык базасы абдан жакшы, 80 жылдык тарыхыбыз бар. Окутуу усулу, илимий методология, билим берүүнүн санариптештирүү же AVN системасы болсун, баары жолго коюлган. Биз мамлекеттик университет катары мамлекетибизге кызмат кылууга дайым даярбыз».

Жолугушуунун жүрүшүндө КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов муфтияттын диний билим берүү жаатындагы программасы менен учкай тааныштырып, бул жаатта КР Билим берүү министрлиги менен да жолугушуу өткөнүн айтса, КМУнун теология факультетинин деканы, доктор Нурбек Шамралиев өз факультети боюнча маалымат берип, буга чейин бир катар диний ишмерлер окуу жайдан билим алып, дипломго ээ болгонун айтып өттү.

Белгилей кетсек, тараптар КМДБ менен И. Арабаев атындагы КМУнун ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле диний адистердин квалификациясын жогорулатуу багытындагы кызматташуу боюнча атайын меморандумга кол коюу чечимин кабыл алышты.