Лейлек районунун баш имам-хатиби И. Раззаковду эскерүү иш-чарасына катышты

Кечээ, 19-март күнү, улуу инсан, Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер И. Раззаковдун каза болгон күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болду.

Эскерүү иш-чарасы облусттук дэңгээлде өтүп, ага КР Президентинин Баткен облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал-майор А.К.Алимбаев, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Б. Осмонбеков, Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек Абдыгапар уулу, ардагерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Саамалык И. Раззаковдун эстелигине гүл коюу, Куран окутуу жана Раззаков атындагы орто мектебинде Баткен мамлекеттик университетинин илимий окумуштуулары тарабынан даярдалган «Исхак Раззаков — кылым карыткан улуу журттун улуттук лидери» илимий-практикалык конференциясы өткөрүлүп, акимдин ооз ачары менен жыйынтыкталды.

Эскерүү кечеси бул күнү облустун бардык аймактарында, мекеме-ишканаларда, билим берүү мекемелеринде жогорку деңгээлде өткөрүлдү.