Жалал-Абад казыятынын кызматкерлери мечиттерди зыярат кылып, таравих намаздарынан кабар алууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен жакынкы район-шаарлардагы Куран катмы окулуп жаткан мечиттер казыят тарабынан атайын түзүлгөн комиссия тарабынан көзөмөл кылынууда. Текшерүү кечээ, 19-март күнү Сузак районундагы бир катар мечиттерде жүргүзүлгөн. 

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын мечит жана окуу боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү Арпидин ажы Жороев зыярат жана көзөмөл боюнча буларга токтолду:

“Түзүлгөн комиссия хатм Куран окулуп жаткан мечиттердеги катмынын, таравих намазынын тартиби менен жамааттардын келүүсүн, Куран окуп жаткан карылардын кыраатын, кайдан билим алгандыгын эске алып жатабыз. Аны менен катар мечиттердеги жамааттардын суранычы менен улуу Рамазан айынын пазилеттери жөнүндө кыскача баян да болуп жатат. Эң башкысы казыяттын бул демилгесин жергиликтүү имамдар менен таравих намазына келген жамааттар жылуу кабыл алышууда. Мындай иш аракеттер алдыда башка район-шаарларда да улантылмакчы”.