Кара-Сууда беш тараптуу иш-пландын негизинде жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 20-март күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Исмаил ата» мечитинде беш тараптуу иш-пландын негизинде жыйын өткөрүлүп, ага Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациянын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Казыбек Тажибаев, Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКнын улук ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Курстанбек Култаев, укук коргоо кызматкерлери, аталган райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жана мечит имамдары катышты.

Аталган жыйында төмөнкү темалар тууралуу баяндамалар жасалды:

— Ысырапкорчулуктун алдын алуу;

— Зордук-зомбулуктун алдын алуу;

— Имамдардын жоопкерчилиги;

— Ишембилик иштерине активдүү катышуу, көчөт отургузуу;

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;

— Эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Аялзатынын кийинүү тартиптери боюнча шарияттагы өкүмдөр.

«Исламда аялдын жүзү аврат болбогондуктан, аны жабуу парз эмес. Жүзү ачык болсо, шарият аны күнөөкөр деп эсептебейт. Ошондой эле, капкара түстөгү кийим кийүүсү да динге тиешеси жок экендигин элге түшүндүрүү керек. Жүзү ачык болуусу коопсуздук тарабын эске алганда туура болуп саналат. Болбосо жүзүн жаап алып, динди жаман көрсөтүп жаткандар пайда болууда», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Жыйында жашылдандыруунун мааниси, дин иштерине жоопкерчиликтүү болуу, аша чаппоо, зордук-зомбулуктун кесепети, адамдын кийинүү тартиптери, аялзатынын уяттуу жерлерин жабуу маселесинде кара түс көзгө өөн учурай тургандыгы айтылып, башка түстүү кийимдерди кийүү каада-салтка да дал келери айтып өтүлдү.